Орусиянын аба күчтөрү тарабынан "Ислам мамлекети" террордук тобунун 200дөн ашык жоокери жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.
Маалыматка караганда, "Ислам мамлекети" террордук тобунун 200дөн ашык жоокери Дейр-эз-Зор шаарына бара жатышкан. Алардын миномёт менен куралданган 20дан ашык машинасы, оор жүк ташуучу унаалары жана танктары Орусиянын аба күчтөрү аркылуу жок кылынган.
"Ислам мамлекети" террордук тобу август айынын ичинде Дейр-эз-Зор шаарында акыркы күчүн топтоо аракетин көрүүдө. Сириянын аскерлери болсо Ракка провинциясынын түштүгүнөн, Хомс провинциясынын батышынан басып киришүүдө. Дейр-эз-Зор шаарында аталган террордук топтун жок кылынышы - алардын стратегиялык жеңилиши", - деп айтылат маалыматта.