Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 21-августка караган түнү саат 01:51 чамасында жер титирөө катталган. Анын очогу Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашып, күчү 5 баллга жакын болгон.
Жер титирөөнүн очогу Ор-Казган айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта, Ак-Терек айылынан 10 чакырым түндүк-чыгышта, Канжыга айылынан 12 чакырым түштүк-батышта, Көк-Жаңгак шаарынан 25 чакырым чыгышта жайгашкан. Зилзаланын күчү калк жашаган аймактарда 4 баллдан 4,5 баллга чейин сезилген.