Жети-Өгүз районунда жол кырсыгынан Орусиянын эки жараны каза болду

Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө жол кырсыгы катталып, Орусиянын эки жараны каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 19-август күнү болгон.

"49 жаштагы Орусия жаранынын башкаруусундагы Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, бир канча жолу оодарылып кеткен. Анын кесепетинен бир адам ооруканадан, эки адам кырсык болгон жерден каза болуп, 3 адам ооруканага жеткирилген. Учурда кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти ИИМден.

Каза болгондор:

1. Т.Тимур - 13 жашта, Санкт-Петербург шаарынын тургуну (Орусия жараны);

2. Т.Людмила - 48 жашта, Санкт-Петербург шаарынын тургуну (Орусия жараны);

3. Р.Аида - 47 жашта, Бишкек шаарынын тургуну.

Жабыркагандар:

1. Т.Мария - 16 жашта, Санкт-Петербург шаарынын тургуну;

2. Н.Евгений - 49 жашта (Орусия жараны);

3. Р.Амалия - 5 жашта, Бишкек шаарынын тургуну.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
General.kg
2017-08-21 12:00:17
Башка улуттагылар Кыргызстанга келип каза болсо бир кызыктай боло берем тообоо!! АЛЛАХЫМ жандыктан сактасын баарыбыздв
+10
-LEGENDA-
2017-08-21 12:09:48
General.kg, Кыргыздар оруссияда кырылып эле жатышатко, ага свинья орустарын ойлонупда койбойт, 2 жун баш орус олуп калса ошого ушунча кайгырасынбы манкурт орустун кулу)))))?
-13
AIZAD
2017-08-21 13:31:04
Олгон адамдарды табалап ырсайат го бул жерде бироо! Тобо!!
+5
admin_superstan
2017-08-21 14:08:39
-LEGENDA-, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат. 10 күнгө БАН!
+8
doping2
2017-08-21 15:36:41
жаль апасы баласы каза болсо
атасы кызы тируу калганго
менимче
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан