"Канжар Кадыралиев үйүмдү, кафемди тартып алды" деген жаран президентке кайрылды

Бүгүн, 21-августта "Канжар Кадыралиев үйүмдү, кафемди тартып алды" деген жаран маалымат жыйын өткөрүп, өлкө башчысына, Жогорку Кеңешке, Башкы прокурорго, УКМКнын башчысына кайрылуу жасады.

"Биз үч жылдан бери ушинтип кайрылып жүрөбүз. Биздин сот ишибиз эки жарым жылга созулуп, акыркы жыйынтык чыга турган күнү жогору жактан сотко чалуу болуп ишти кайра тергөөгө кайтарып жиберди. Соттун бул аракети ишти кыскартып, жок кылып жиберүүнүн эң оңой жолу деп эсептейм. Мен Канжар Кадыралиевге Оштогу үйүмдү, кафемди тарттырып койгом. Соттун ишти адилет карап беришин сурап, бүт бийлик бутактарына үй-бүлөм менен дагы бир жолу кайрылууга аргасыз болуп жатам", - деди Мирлан Жолдошев.

Эске салсак, Башкы прокуратура 2014-жылы Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Буга бир катар жарандардын Кадыралиевдин үстүнөн арызданышканы себеп болгон.

Ушул жылдын 15-августунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Канжар Кадыралиевдин иши боюнча кезектеги соттук отурум уланган. Анда айыпталуучу тараптын жактоочулары ишти кайра тергөөгө жөнөтүү тууралуу өтүнүч келтиришкен. Аны сот канааттандырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
General.kg
2017-08-21 14:39:12
АШАнын жанын коёсуңарбы теги! Ансыз деле Текени камаган сот "Текеңизге канча жыл берейин?" деп чала берип жадатса керек!

Бийлик бутактарына кайрылган менен пайда жок. Себеби бийлик бутактарында бүт эле СДПК. А Канжардын карындашы Ыргал СДПКнын мурдагы депутатты!
+7
jonne
2017-08-21 14:56:04
Элдин камын ойлогондор турмодо ( гордо) элдин канын сооргодор журот эн эркин
+4
tursunbaev78
2017-08-21 16:41:21
jonne,ээн эркин
+2
medet1983
2017-08-21 15:26:29
Аша менен канжардын эжеси ыргал кадыралиеванын мамилеси бар чамасы.канжарды камай албай эле коюшту сот соройлор
+4
General.kg
2017-08-21 16:47:31
medet1983,Ыргал Канжардын карындашы.
-4
Atas
2017-08-21 16:56:46
Ubakytty choiup moonotu otup ketti kyldyryp koiot emi , kuu , shakaldardyn zamany boldugo
0
kechirmeni
2017-08-21 17:26:26
Канжар Ошто ээн эркин эле журот дешет го
+2
Kemel29101981
2017-08-21 20:23:15
Эшектин тушоосун дагы чечпейт. Убара болосун. Себеби Канжар шайлоодо АШАга керек болот.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан