Бүгүн, 21-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум уланууда. Анын жүрүшүндө сот иштин материалдарын иликтөөгө өттү. Айыпталуучунун жактоочусу Чынара Жакупбекова сотко тергөөдө чогулган 7 томдук материалдардын баарын окуп берүү өтүнүчүн айтты. Сот Кубанычбек Касымбеков ар бир баракты баштан аяк окуп берүүдө. Андан соң Салянова көрсөтмө берип баштайт.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.