Индиянын Нью-Дели шаарындагы аэропортто Кыргыз жараны ири суммадагы акча менен кармалды. Бул тууралуу индиялык indianexpress басылмасы жазды.
"56 жаштагы Зухра Балтабаева аттуу Кыргыз жараны Нью-Дели шаарындагы аэропорттон Бишкекке учуп жаткан маалда кармалган. Анын жанындагы сумкасынан 60 миң доллар, ал эми багаждагы жүктөн бир миллион доллардан ашык акча табылган", - деп жазды аталган басылма.
Ошондой эле маалыматта Индиянын бажы кызматы бул маселени иликтеп жатканы айтылат.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги "Кыргыз жараны ири суммадагы акча менен кармалды" деген маалымат такталып жатканын жана Индиядагы элчиликтин кызматкерлери жеринде тактоо үчүн аталган аэропортко чыгып кеткенин билдиришти.