Бакай-Ата районунда "14 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барган" деп шектелген жигитке кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта SUPER.KG порталына Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Талас ОИИБинин маалыматына караганда, Бакай-Ата районунун Таш-Кудук айылынын 18 жаштагы тургуну, 14 жаштагы кыз менен жыныстык катнашта болгон. Мындан улам кыздын боюна бүтүп калган.
"Бул тууралуу бизге эч ким арызданып келген жок. Эл арасында айтылып жаткан сөздөрдөн улам Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы ал фактыны аныкташты. Эки тарап бир пикирге келишип, экөөнү үйлөндүрүп коюшуптур. Азыркы тапта кыздын 7 айлык боюнда бар. 18 жаштагы балага болсо Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдиришти Талас ОИИБинен.