Баткенде айдоочу оор жүк ташуучу унаасы менен велосипед тээп бараткан баланы сүзүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Айсалкын Эргешбай кызы билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы 20-август күнү саат 17:35 чамасында Баткен шаарынын Турмаматов жана Сайдиман ажы көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 1958-жылы туулган А.Н КамАЗ үлгүсүндөгү уунасы менен көчөдө велосипед тээп жүргөн, 2007-жылы туулган С.Аны (эркек бала) сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон. Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат", - дейт Айсалкын Эргешбай кызы.