Бишкекте Сириядагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн кетүүгө камынып жатышкан эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 17-август күнү атайын жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде Бишкекте 1966-жылы туулган Г.А. (сүрөттөгү) жана 1971-жылы туулган С.С. кармалган.
"Алар КМШга кирген өлкөлөрдүн биринин жарандары. Террористтик иштерге катыштыгы бар делип, издөөдө жүрүшкөн. Кыргыз жерине жогору тараптан берилген көрсөтмөлөрдү күтүү үчүн келишкен. Анын негизинде Сирияга кетишмек. Алардын жанынан КМШ өлкөлөрүнө таандык жасалма паспорттор табылган. 18-август күнү жоопкерчиликке тартуу үчүн партнёрлордун компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.