Сот Текебаевдин юристтеринин БШКнын чечими боюнча жазган арызын карап жатат

Бүгүн, 22-августта Бишкек шаарынын райондор аралык соту Өмүрбек Текебаевдин юристтеринин БШКнын чечими боюнча жазган арызын карап жатат.

Буга чейин Текебаевдин юристтери Бишкектеги райондор аралык сотко БШКнын 17-августтагы "Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн топтогон кол тамгалары жараксыз" деп тапкан чечимин мыйзамсыз деп табуу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, кол тамгаларды чогулткан адамдарга акча Текебаевдин шайлоо фондунан каржыланган эмес. Мыйзамга ылайык, кол топтоодогу чыгымдардын бардыгы шайлоо фондунан жүргүзүлүшү керек.

Айта кетсек, Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары аны талапкер кылып каттоо үчүн 38 миң 642 жарандын колун топтоп тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ermekbai
2017-08-22 15:40:40
Эптеп шайлоого катыштырбай бийлик өзүнүн көздөгөн адамын президенттик шайлоодон утуп чыгуу
+1
kanatbekabytovich82
2017-08-22 17:14:51
Караса карабаса алешанын айтканы болот.
Так что .....
+1
Ermekbai
2017-08-22 17:47:21
Сентябрды да жаап салышты бул бийлик көзүн май басты. Эртең күнү бийликти жапчу азаматтар чыгатго.
+1
KUBI
2017-08-22 20:49:43
Ата мекен жок болот экен да.
0
muslim87
2017-08-23 00:11:28
Бекер эле убара болушуп атат сотко берип БШК сотту укпайт экени мурда эле билинди элего.
0
Shahrizaada
2017-08-23 02:37:34
Шайлоо буткончо С.Жапаров мн Текебаевди капаска камап турууну жакшыле пландаган экен. Максаты орундалып атат ажобуздун.))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан