Аксыда кожогат тергени барган төрт аял аскадан кулап, үчөө каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 20-август күнү саат 21:30дар чамасында, Аксы районунун Авлетим айыл аймагында болгон. Анда Ой-Алма жайлоосунан кожогат терип келе жатышкан Чалдыбар айылынын тургундары 1958-жылы туулган Н.Ж, 1967-жылы туулган К.Ж., 1958-жылы туулган Ө.Г. аттуу аялдар жана 12 жаштагы өспүрүм кыз аскадан кулап кетишкен. Натыйжада 3 аял окуя болгон жерден каза болуп, 12 жаштагы окуучу кыз оор абалда Аксы аймактык ооруканасына жеткирилген.