Бишкекте эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына себепчи болгон милиция кызматкери эки айга тергөө абагына киргизилди

Бишкек шаарындагы Айтматов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына себепчи болгон милиция кызматкери эки айга тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Кырсыкка кабылган унаалардын бирин Ленин РИИБинин кызматкери К.Н. башкарып бара жаткан. Ошол учурда ал мас абалда болгон. Соттун чечими менен ал эки айга СИЗОго киргизилди", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

Айта кетсек, 18-август күнү Айтматов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде үч машинанын катышуусунда жол кырсыгы болгон. Анын кесепетинен эки адам каза болуп, бир адам жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kai42444
2017-08-23 10:03:57
Эмнеге милиция кызматкерлери аз моноткоко киргизилет сот бапрына тер карабайбы ошол милициянын ордунда карапайым адам болгондо кеминде 3 жыл эркинен ажыратмак...
0
KIPCHAK-KALMAK
2017-08-23 11:10:13
тергоо болот еки ай ичинде бул временно сотолгондон кийин кесилет
+1
tular
2017-08-23 11:53:01
СИЗОдон аябай грузтетен эми. Озудагы милициянын сотрудниги экен, ичинен кыйын эле болотго эми...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан