Ош шаарында эркек кишинин денеси темирге асылып турган жеринен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө белгисиз азиат улутундагы эркек адамдын денеси темирге асылып турат деген маалымат түшкөн. Куткаруучулар белгисиз эркек адамдын денесин чыгарышып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.