Бүгүн, 23-август күнү саат 09:00дө Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соту уланмак. Бирок соттук отурумга айыпталуучунун жактоочусу Чынара Жакупбекова келген. Айыпталуучунун айтымында, жактоочусунун келбей калышына Өмүрбек Текебаевдин апелляциялык арызын даярдап үлгүрбөй калганы себеп болгон. Мындан улам ал сотту башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн келтирди. Сот отурумду түштөн кийинкиге жылдырды.