Ысык-Ата районунда эки унаа сүзүшүп, айдоочу жана анын апасы каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 08:00 чамасында Сокулук-Токмок айланып өтүүчү жолунун 41-чакырымында (Ысык-Ата району) болгон. Анда катуу ылдамдыкта келе жаткан Ниссан үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, чыгышты көздөй бараткан Ауди үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.
"Кырсыктын кесепетинен Ауди унаасынын айдоочусу жана анын апасы окуя болгон жерден көз жумган. Ал эми Ниссан унаасында айдоочу гана болгон. Анын буту, кабыргасы сынып Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилген", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.
Күбөлөрдүн айтымында, Ниссан үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалда болгон.
Адистердин баамында, өлкө аймагында катталган жол кырсыктарынын көбү жол-кыймыл эрежелерин сактабагандыктан болот. Айрымдар Патрулдук милициянын жанынан акырын айдап, андан өткөн соң катуу ылдамдыкта айдашат.