Быйыл өлкө аймагында катталган жол кырсыктарынын саны өстү. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өлкө аймагында 7 айда 3239 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 6,9 пайызга же 211 кырсыкка көп.
Жол кырсыктырынан 394 адам каза болуп, 4841 адам жабыркаган. Ал эми өткөн жылы 7 айда 488 адам каза болгон болчу.
Адистердин айтымында, жол кырсыктары көп учурда айдоочулардын жолдо жүрүү эрежелерин сактабагандыгынан жана айдоочулук милдеттерине кайдыгер мамиле жасаганынан улам келип чыгат.