Алматыдагы банктардын бирине шыптан кирген беткапчан адамдар кассаны тоноп кетишти

Казакстандын Алматы облусунун Талгар шаарындагы банктардын бирине шыптан кирген беткапчан 2 адам кассадагы акчаларды тоноп кетти. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары жазышууда.

"Видеодо көрүнгөндөй окуя кечээ, 22-августта эртең менен катталган. Беткап кийген 2 адам банктын кассасынын шыбын талкалап түшүшүп, 2 кызматкер кызды жулмалап колдорун байлап, акчаларды алган соң кайра шып менен качып кетишкен. Алардын аракеттери орнотулган видео камерага тартылып калган", - деп айтылат маалыматта.

Банктын кызматкерлери укук коргоо органдарына окуядан соң дароо кабар беришкен. Учурда жергиликтүү милиция шектүүлөрдү издөөгө алып, канча акча алып кетишкендиги такталууда. Ал эми жабырлануучу тарап "Kaspi Bank'тын" филиалы экендиги айтылат.

Каракчылар банктын кассасына шыптан түшүп келишкен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
RusMos76
2017-08-23 17:01:59
охран кайда?
+1
Shekeev969798
2017-08-23 17:12:40
RusMos76, Кассага эч ким кире албайт ичинен ачмайынча
0
Shekeev969798
2017-08-23 17:11:44
Эч шашпайтко журок бар экен буларда
+1
kechirmeni
2017-08-23 17:14:42
Табылат, азыр бардык жерде камера. Зданиенин тегерегиндеги обьектилердеги камераларды карап эле таап алышат,Оштун аэропортундагы ограблениени деле ошентип таап алышкан, аэропорттон чыккандан кийин 7 минуттан кийин Отор ресторанынын жанынан отушкон экен.
+5
KUBI
2017-08-23 17:43:11
Жубарымбектер алып кетиптир.
0
uli0404
2017-08-23 19:16:47
Охрана качып журотко ары жакта
0
Lion.
2017-08-23 21:50:41
Базар жок.))
0
Zynk.kg
2017-08-23 23:59:52
Банк элди тонойт эл банкты тонойт болуптурда
0
Nargiza1987k
2017-08-24 06:32:17
Эч шашпайтко кассирлер менен пландалган иш окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан