Мындан бир жыл мурун, тактап айтканда, 2016-жылдын 29-августунда Москва-Ош-Бишкек аба каттамы менен Москва шаарындагы өрттөн каза тапкан жарандардын сөөгү Кыргыз жерине алып келинген. Ал күн Аза күтүү күнү деп жарыяланып, шаан-шөкөттөр токтотулуп, өлкө желеги Кыргыз жеринде түшүрүлгөн.
2016-жылдын 27-августунда Орусиянын Москва шаарынын Алтуфьев шоссесиндеги басмаканадан өрт чыгып, 17 адам түтүнгө ууланып көз жумган. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жарандары болушкан. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги басмакананын кампасындагы иштен чыккан электр чырагы өрттүн келип чыгуусуна себепчи болгонун билдирген. Өрт кырсыгы башталган жерде кагаздар жана тез күйө турган суюк заттар болгон. Мындан улам тилсиз жоо аз убакыттын ичинде жайылып кеткен. Биринчи кабаттан түтүндүн жыты келе баштаганда басмакананын кызматкерлери башка бөлмөлөрдү көздөй кача башташкан. Тилекке каршы, ал жактарда өрт чыккан учурда адамдар эвакуациялана турчу шарт болгон эмес. Натыйжада кызматкерлер имараттан чыга албай калып калышкан.
"САКТАП, КОРГОЙ АЛБАДЫК КЕЧИРГИЛЕ!"
Бул окуя жалпы кыргыз элин кайгыга салды. Көптөр “14 периште, 14 үйдүн куту, 14 үйдүн кызы эле” деп көзүнө жаш алышты. Жалын менен жалп өчкөн кыз-келиндердин улуусу 45те болсо, кичүүсү 18ге чыга элек болчу. Кырсыктын эртеси, 28-августта Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында Москвадагы өрттөн каза тапкан Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын эскерүү иш-чарасы болуп өткөн. Ага келгендердин айрымдары "Башты жерге салып жүргөндөн башка аргабыз жок", “Сактап, коргой албадык кечиргиле" деп көздөрүнө жаш алышкан.
ЖАРДАМГА КОЛ СУНГАН ЖАРАНДАР СЫЙЛАНДЫ
Басмаканадагы өрттү өчүрүүгө өрт өчүрүүчүлөр келишкен. Бирок аларды карап турбай түтүндүн курчоосунда калган кыз-келиндерди куткарууга Кыргыз жарандары да кол сунган. Адам өмүрүн сактап калууда көрсөткөн каармандыктары үчүн Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын жарандары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.
Жардамга кол сунгандардын бири Махамат Заиров ошол учурду мындайча эскерди.
"Мен басмакананын биринчи кабатында иштечүмүн. Өрт чыккан маалда дароо эле сыртка чыгып кеткем. Кийин басмакананын төртүнчү кабатында да кызматкерлер калып калганын билдик. Дароо аларды куткаруу үчүн шаты издеп, араң таптык. Ал жактан 10го жакын баланы жана бир кызды куткардык. Куткарылган кыз башка бөлмөдө дагы кыздар бар экенин айтты. Ал бөлмө ишкананын башка тарабында болгондуктан ал жакка бардык.
Ошол учурда өрт өчүрүүчүлөр келип калышкан экен. Шаты коюп бергиле кыздарды куткаралы десек, буйрук жок деп бербей коюшту. Кыздардын кыйкырып, жардамга деген үндөрү угулуп, угулуп кала берди. Акыры Кыргыз балдар ишкананын шатысы менен кыздар болгон бөлмөнүн терезесине чейин жетип, бир кызды алып чыкты. Тилекке каршы, ал дагы ооруканага жетпей каза болуп калды", - деди Махамат Заиров.
Ал эми “Печатный экспресс” ишканасында 8,5 жыл иштеген, атын атагысы келбеген Кыргыз жараны каргашалуу күндү мындайча эскерди.
"Ал күнү мен үйдө болчумун. Эртең менен мага өрт болуп жатканын айтышты. Дароо барып басмаканада Кыргыз кыздарынын калып калганын билдим. Ошол учурда оюма аларды "Мекенине кантип жөнөтөбүз" деп "Жүк 200" келди. Кыздардын аты-жөнүн тактоого киргенимде колунда сумкалары, паспорттору бар экен. Эч бири күйгөн эмес, баары түтүнгө ууланып калышкан", - деди.
Ошондой эле ал басмаканадагылардын көбү эмгек келишими жок иштешкенин айтты.
"Орусия тарап башында маркумдардын жакындарына 1 миллион рублдан компенсация төлөп беребиз дешкен. Бирок ал жакта иштегендердин баарынын эмгек келишими жок болгондуктан убадаланган компенсация төлөнгөн эмес. Мындан улам аталган ишкана 300 миң рублдан компенсация төлөп берген".
СОТ ӨКҮМҮНӨ МАРКУМДУН ЖАКЫНДАРЫ НААРАЗЫ
Бул өрт кырсыгы боюнча "өрт коопсуздугунун эрежелери сакталган эмес" деп кылмыш иши козголгон. Анын негизинде “Печатный экспресс” типографиясынын башчысы Сергей Москвин, башкы инженер Антон Яцков камакка алынган. Сот аларды күнөөлүү деп таап Москвинди 2,5 жылга, Яцковду 3,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок чыгарылган сот өкүмүнө каза болгон адамдардын жакындары нааразычылык билдирип чыгышкан.
Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, ишкана жетекчисине жана инженерине чыккан өкүм боюнча апелляциялык арыз жазылды.
Ал эми Кыргыз тарап аталган ишканадан каза болгондордун жакындарына 1 миллион рублдан компенсация талап кылып жатат.
"Буга чейин сот маркумдарда эмгек келишим жок болгондуктан ишканага компенсация төлөөнү милдеттендирген эмес. Азыркы тапта экинчи жолу доо арыз берүү үчүн элчиликтин адвокаты ар бир каза болгон жарандын туугандарынан, жабыр тарткандардан ишеним кат чогултуп жатат", - деп билдиришти элчиликтен.
КАЗА БОЛГОНДОРДУН ТИЗМЕСИ
1. Жумадылова Нурай Азаматовна, 10.09.1998-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айылынан;
2. Бообекова Гүлбара Жумабековна, 16.07.1971-жылы туулган, Чүй облусунун Кемин шаарынан;
3. Раимкулова Динара Исмаиловна, 10.08.1983-жылы туулган, Сузак районунун Кыз-Көл айылынан;
4. Абдуганиева Жаркынай Убайдуллаевна, 16.02.1982-жылы туулган, Ноокат районундагы Төөлөс айылынан;
5. Базарбай кызы Айсулуу, 01.01.1993-жылы туулган, Өзгөн районундагы Куршаб айылынан;
6. Азимжан кызы Махигүл, 03.12.1995-жылы туулган, Ноокен районунун Курулуш айылынан;
7. Камчыбекова Алмаш Курманбековна, 27.01.1998-жылы туулган, Өзгөн районундагы Куршаб айылынан;
8. Топчиева Алина Хусановна, 05.05.1994-жылы туулган, Ош шаарынан;
9. Абдаким кызы Айкөл, 19.01.1993-жылы туулган, Алай районундагы Кабылан-Көл айылынан;
10. Канатбек кызы Алина, 08.02.1994-жылы туулган, Ноокат районундагы Төөлөс айылынан;
11. Коргонбай кызы Жаңылмырза, 12.02.1995-жылы туулган, Кара-Суу районундагы Кара-Дөбө айылынан;
12. Маматкасымова Индира Идрисовна, 18.08.1977-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан;
13. Алабердиева Кыял Дөөлөткелдиевна, 25.04.1986-жылы туулган, Ак-Суу районундагы Челпек айылынан;
14. Абдумаматова Айчүрөк Баитовна, 24.03.1990-жылы туулган, Ош шаарынан.