Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон иш боюнча соттук отурум уланууда. Сот Кубанычбек Касымбеков 7 томдон турган материалдарды иликтеп жатат. Учурда 2-томду кароодо.
Сот материалдарды окуп жатып, өтө маанилүү делинген бөлүктөргө келгенде Салянова аны токтотуп тактоодо. Салянова соттон бүт беренелерди толугу менен окууну өтүндү. Сот "баарын окуй албайм, керектүү гана жерлерин окуйм" деп айтты. Бирок Салянова: "баарын окуп чыгышыңыз керек, эл билсин. Сиз маанилүү жерлерин калтырып коюп жатасыз", - деп сотко кайрылды.
Сот: "Мага үйрөтпөңүз, мен бүт карап чыккам. Бул ишти эл иликтебейт, сот тергейт. Мен азыр керектүү жерин гана окуп, жыйынтыкка карап чечим кылам", - деп жооп кылды.
Бул учурда прокурор сотко керектүү жерин гана окуу өтүнүчүн келтирди. Салянова прокурорго "арыдан бери бол" деп кайрылды.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.