"Жунда" ишканасына таандык бензовоз кырсыкка кабылып, 2 тонна мазут Кара-Балта суусуна аккан

"Жунда" ишканасына таандык бензовоз кырсыкка кабылып, 2 тонна мазут Кара-Балта суусуна аккан. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 23-август күнү түштөн кийин Бишкек-Ош унаа жолунун 82-чакырымында (Жайыл району) болгон. Анда "Жунда" ишканасына таандык 30 тонналык бензовоз алдында келе жаткан бензовозду сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2 тонна мазут Кара-Балта суусуна аккан.

Окуя болгон жерге экотехинспекция, прокуратура, санэпидемстанция, Патрулдук милиция, жол-тейлөө ишканасынын кызматкерлери барышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
grace
2017-08-24 11:52:43
Жер,суунун баарын булгап бүтүштү, акмактар.
+2
Adilet_adi
2017-08-24 12:26:34
Дарыяга эле авария боло беришет а башка жер жоктой)))
+1
gulmira12345
2017-08-24 13:38:01
атайылап адамга зыян келтирип кытайларын кыргызстанды ээлеп бутушот
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан