Кадамжай районунда жеңил унаа жол жээгиндеги тосмону сүзүп, 3 адам жабыркады

Кадамжай районунда жеңил унаа жол жээгиндеги тосмону сүзүп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 23-август күнү кечинде Ош-Баткен унаа жолунун 120-чакырымында болгон. Анда Жигули үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги тосмону сүзүп, жолдон чыгып кеткен.

"Куткаруучулар унаанын ичинен 1996-жылы туулган эки эркек баланы жана 1996-жылы туулган бир кызды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан