Бишкекте милиция кызматкерлерин тапанча, граната менен коркутуп, качып кеткен жарандар изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 24-августка караган түнү Ауэзов көчөсүндө болгон. Анда Патрулдук милиция кызматкерлери жол эрежесин бузган Ниссан Пресаж үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Айдоочунун документин текшерүү учурунда унаанын ичиндегилер милиция кызматкерлерин тапанча, граната менен коркутушуп, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Милиция кызматкерлери эскертүү иретинде асманга ок атышкан.
"Азыркы тапта унаанын ичинде канча адам болгону такталууда. Аларды кармоо үчүн "Перехват" планы жарыяланды. Бүгүн эртең менен шектүүлөрдүн унаасы Көк-Жар жаңы конушунан табылды", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.