Индиядагы аэропорттон ири суммадагы акча менен кармалган Кыргыз жараны эки жумага камалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 56 жаштагы Зухра Балтабаева биринчи соттук отурумдун негизинде эки жумага камакка алынган.
Айта кетсек, 21-август күнү Индиянын Нью-Дели шаарындагы аэропорттон Кыргыз жараны ири суммадагы акча менен кармалганын индиялык indianexpress басылмасы жазып чыккан. Анда 56 жаштагы Зухра Балтабаева аттуу Кыргыз жараны Нью-Дели шаарындагы аэропорттон Бишкекке учуп жаткан маалда кармалганы айтылат.
Айрым такталбаган маалыматтар боюнча, Зухра Балтабаева кызы менен 8 килограммга жакын алтынды Индияга мыйзамсыз алып өтүшүп, ири суммадагы акчага сатышкан. Балтабаеванын кызы мейманканалардын биринен кармалган.