Бишкекте жолго төгүлгөн пальма майынан улам эки унаа сүзүштү

Бишкекте жолго төгүлгөн пальма майынан улам эки унаа сүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Жолго төгүлгөн пальма майынан улам Мерседес жана БМВ үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Андан эч ким жабыркаган эмес. Азырынча бизге катталганы ушул эле. Майдын айынан дагы канча жол кырсыгы болгону такталууда. ЗИЛдин айдоочусуна протокол түзүлүп, унаасы айып жайга токтотулду", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

Айта кетсек, кечээ айдоочу Аламүдүн 1 кичи району тараптан ЗИЛ унаасына пальма майын жүктөп жолго чыккан. Бирок май куюлган челек тешилип калган. Мындан улам пальма майы Шабдан баатыр, Анкара, Медеров, Юнусалиев, Койбагаров, Жукеев Пудовкин, Байтик баатыр, Түштүк магистралы көчөлөрүнө төгүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
meniuk
2017-08-24 15:40:58
ушу пальмовый майды элге жегизип жатат ушу бизнесмендер зыяны ото коп пальма майынын
+1
tular
2017-08-25 01:16:52
Дорожный теракт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан