Бишкекте жолго төгүлгөн пальма майы боюнча айдоочуга 8 миң сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 55 жаштагы Б.В. аттуу айдоочуга Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 241-беренеси (авариялык кырдаалды түзүүгө учуратуучу жол кыймылы эрежелерин бузуу" боюнча протокол түзүлүп, 8 миң сом айып салынган.
Айта кетсек, кечээ айдоочу Аламүдүн-1 кичи району тараптан ЗИЛ унаасына пальма майын жүктөп жолго чыккан. Бирок май куюлган челек тешилип калган. Мындан улам пальма майы Шабдан баатыр, Анкара, Медеров, Юнусалиев, Койбагаров, Жукеев Пудовкин, Байтик баатыр, Түштүк магистралы көчөлөрүнө төгүлгөн.