Казакстандын Алматы облусунда МAULE М-7-260С үлгүсүндөгү учак кулап, анын учкучу каза болду. Бул туурасында бүгүн, 25-августта аталган өлкөнүн жарандык авиация комитети жарыялады.
"Бир кыймылдаткычтуу 5 орунга ылайыкталган учакта 2 адам учуп бараткан. Учкуч 20 чакырымдай аба мейкиндигинде учакты башкара албай келип, жерге кулап түшкөн. Натыйжада учкуч кырсык болгон жерден каза болуп, жүргүнчүгө медициналык жардам көрсөтүлдү. Окуя боюнча иликтөө иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле маалыматта Алматы облусу боюнча бир айда эле жеңил кыймылдаткычтуу учактардын кырсыкка кабылуусу үчүнчү ирет кайталангандыгы кошумчаланат.