Талас ОИИБи: "Жайлоодо малчы аялынын өлүмүнө шектелип кармалды. Ал мурда ойношун да сабап өлтүргөн"

Талас районунун Талды-Булак жайлоосунда мал кайтарган жаран мас абалында аялын сабап өлтүрдү. Бул тууралуу 26-августта SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин маалымат катчысы Динара Сарногоева билдирди.

"Окуя 22-августта саат 23:00 чамасында Талды-Булак айылына жакын жайлоодогу мал сарайлардын биринде катталган. Күйөөсү ошол күнү мас абалында үйүнө келип, аялын себепсиз эле чачынан сүйрөп ур-тепкиге алган. Аял соккудан улам ошол жерден жан берген. Факт боюнча Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда 1979-жылы туулган К.Б аттуу жаран кармалды. Иликтөө иштеринин натыйжасында ал буга чейин да кылмыш жоопкерчилигине тартылып, жаза мөөнөтүн өтөп чыккандыгы белгилүү болду. Тагыраагы 2006-жылы Токтогул районунда өз аялы менен жашап жатып, көңүлдөш аялын сабап, ал жаракатынан каза болгон экен. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен 4 жылга эркинен ажыратылган. Кийин 3-аялы менен турмуш куруп, аны менен 2 балалуу болушкан. Талас районунда өткөн жылдын август айынан бери бир үй-бүлөнүн малын карап жалданып иштеп жүргөн", - деди Сарногоева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Gulnyr19
2017-08-26 10:02:57
Тобаа кылдым Аллахым озун сактай кор мындай мыкаачылардан
+4
KDM.Asylbek
2017-08-27 00:06:04
Gulnyr19,+ басайын деген болчумун басылып кетиптир
0
aza84
2017-08-26 10:33:08
Кудай сактасын ичкилик эмне кана кылбайт
+4
Aijana121197
2017-08-26 10:40:46
Жакшылык көрбөгүр, өлтүргөнгө чейин кантип барды, жырткыч. Колун менен кылганды, моюнун менен тарт. Аялынын жаткан жери жайлуу болсун.
+11
Take_men
2017-08-26 10:46:54
Тоок уудасан 5 жыл. Киши олтурсон 4 жыл...
+9
tular
2017-08-26 11:15:43
Take_men, Акча роль ойногонго, болбосо женил кылмыш кылгандар 5-7 жыл эркинен ажыратылып жатат.
+2
bond02
2017-08-26 10:50:43
Мурункусунда адам олтуруп анан эмнеге башка статья менен 4жылга эле камалат дейм да, оз жазасын татыктуу алганда мумкун бул аялы тируу калмак.
+12
Taalai94
2017-08-26 11:59:03
1-синде адам олтуруу беренесиго (((((
+4
Janna07
2017-08-26 12:16:02
Адам олтурууго 4 эле жылбы?
+1
barakcha
2017-08-26 16:23:22
Бир эле жолу кол которгон эркектен эч жакшылык кутпош керек!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан