Алайда автокырсык болуп, бир киши 2 уулу менен каза тапты

Ош облусунун Алай районунда 26-августта жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Бул туурасында Ош облустук Патрулдук милиция башкармалыгынан кабарлашты.

"Жол кырсыгы 25-августтан 26-августка караган түнү саат 01:30 чамасында Ош-Эркеч-Там жолунун 233-чакырымында болгон. Хундай Портер автоунаасы менен ЗИЛ-130 жүк ташуучу унаасы бетме-бет сүзүшкөн. Натыйжада Хундай Портердин айдоочусу 1954-жылы туулган Б.М., андагы жүргүнчүлөр 1979-1981-жылы туулган жарандар ооруканага жетпей каза болушкан. ЗИЛдин 35 жаштагы айдоочусу 4 жүргүнчүсү менен Алай аймактык ооруканасына жеткирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондор 1 үй-бүлө мүчөлөрү болушкан", - деп айтылат маалыматта.

Тагыраагы, 1 киши 2 уулу менен каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Gulum91
2017-08-26 14:12:27
Жакындарына сабыр берсин жаратканым.
+16
Komrad
2017-08-26 14:45:26
Конул айиабыз. Кайран омурлор
+10
grace
2017-08-26 14:52:06
Кандай кайгылуу кабар... Жандары жаннатта болсун!Кайран кыргыз элим...
+10
nurbekasr
2017-08-26 15:10:51
Жакындарына көңүл айтабыз жаман иш болгон экен.
+7
Oksana2011
2017-08-26 17:35:31
Окунучтуу,жайы жаннатта болушсун жакындарына сабыр.
+4
JaneEr
2017-08-26 20:30:42
Канча балдар автокырсыктан,миграциядан жетим калып жатат.
+1
Kuba-savai87
2017-08-27 00:22:15
Жакындарына кайгыруу менен конул айтам. Жаткан жери жайлуу болсун. 233 чакырым кайсыл жер болуп калат ошондо? Менин айылым Алай району
+2
Azamatisatoroev
2017-08-27 01:27:14
кайсыл айыл болот ошондо
0
semo
2017-08-27 17:25:30
Сары таштан да нары жагында окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан