Азербайжанда ок-дары жана курал-жарак кампасы жарылды

Кечээ, 27-августта Азербайжандын чыгышында Баку-Губа трассасынан бир нече чакырым аралыкта жайгашкан курал-жарак сактоочу кампа жарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Өлкөнүн Коргоо министрлиги жарылуудан кийин өрт башталганын кабарлады. Ал эми жергиликтүү басылмалар снаряддар үйлөргө чейин чачыраганын жазышты. Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги алты адам жеңил жаракат алып, алар диагностикалык борборго жеткирилгенин, кампага жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары эвакуацияланганын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Бакудан Орусиянын чек арасына кеткен трасса жабылган. Жарылуунун себеби азырынча белгисиз экени айтылып, кырсыкты иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан