Ысык-Ата районунда чектөөгө алынган өрт шамалдан улам кайра тутанды (фото)

Ысык-Ата районунун Нооруз айылына жакын аймактагы тоодо кечээ тутанган өрт толугу менен өчө элек. Бул туурасында SUPER.KG порталына ӨКМнын Өрткө каршы кызматынан Медет Сатаров маалымдады.

"Өрттүн тутануу очогу 2 жерден чыкканы белгилүү болду, бирок кимдер тарабынан, эмне максатта өрттөнгөнү азырынча белгисиз. Кечээ кечинде саат 20:30дарда өрт толугу менен чектөөгө алынган. Түндө шамалдан кайрадан от тутанып, өрттү өчүрүү иштерин бүгүн да жүргүзүп жатабыз. Тоо боорлоруна техникалар чыга албагандыктан жөө чыгып атайын шапалактар менен жалынды чаап өчүрүп жүрөбүз", - деди Сатаров.

Айта кетсек, ӨКМнын басма сөз кызматы Ысык-Ата районунда 15 гектар бадалдар жана куураган чөптөр күйгөндүгүн жана өрт 27-августта саат 20:35те толугу менен өчүрүлгөнүн маалымдаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Syn4y
2017-08-28 11:57:51
wapalak menen ha ha haaa
-6
kanatbekabytovich82
2017-08-28 12:18:05
Эмне максатта эле,мынча чыгым боллу деп акча жешинер учун орттолду да!
0
Nurmat92
2017-08-28 12:28:02
Атың чыкпаса жер өрттө дейт дагы бирөөсү звезда болоюн деп калган го
0
Makain
2017-08-28 12:42:57
Шапалак менен очур отура берип толуп кетсенер керек чуркап иштегиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан