Бишкекте мүрзөлөрдүн биринде өрт чыгып, эмерек жасоочу кампа күйүп кетти

Бишкек шаарындагы мүрзөлөрдүн биринде өрт чыгып, ага жакын жайгашкан эмерек жасоочу ишкананын кампасы күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.

"Кечээ, 27-августта Биринчи Май районунун Якутская көчөсүндөгү мүрзөнүн 13 гектар аянтында куураган чөптөр өрттөндү. Өрт жакын жердеги эмерек жасоочу ишкананын кампасына да өтүп, станоктор,эмерек материалдары толугу менен күйүп кеткен. Жалын ишкананын 200 чарчы метр аянтын каптады", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өрт саат 17:44тө чектөөгө алынып, саат 20:28де толугу менен өчүрүлгөндүгү кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Batma08
2017-08-28 13:35:44
Неден улам чыгыптыр орт ????
0
aibars
2017-08-28 14:27:21
Так аталышын билбей жатам бирок корустондо адамдын денесинен болунгон газ чыгат экен. Эгер коп убакыттан кийин корустондо тешикче жаралса газ сыртка чыгып кундун ысыгынан отко айланат. Тешикчелерди, тулкулор, чычкандар ж.б.с жырткычтар жасашат.
0
Nurmat92
2017-08-28 14:28:33
Тилсиз жоо деп ушуну айтат
0
Nurmat92
2017-08-29 00:29:59
Атың чыкпаса жер өрттө дейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан