Бүгүн, 28-августта Чүйдүн Ысык-Ата районуна караштуу Төмөнкү Серафимовка айылындагы тоодон адамдын сөөгү табылгандыгын интернет колдонуучуларынын бири өзүнүн баракчасына жазды.
Чүй ОИИББинин маалымат катчысы Нурбек Токтосунов SUPER.KG'ге белгисиз адамга таандык сөөк табылганын тастыктады.
"Ысык-Ата районунун аймагындагы тоодон белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы анык. Биздин кызматкерлер окуя катталган дарекке жөнөп кетишкен. Азырынча адамдын сөөгү кандай шартта ал жерге көмүлүп калганы белгисиз. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунан кийин гана сөөк кайсы жылдары көмүлгөндүгүн айта алабыз. Толук маалыматты кийинчерээк беребиз", - деди Токтосунов.