Бүгүн, 28-августта түшкө маал Кытайдын түштүк-чыгышындагы Бицзе аймагында жер көчкү жүрүп, 2 адам каза болду. Ал эми 25 адам дайынсыз болууда.
"Синьхуа" агенттигинин маалыматына караганда, учурда кырсык болгон жерде куткаруучулар дайынсыз болуп жаткандарды издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Ал эми жаракат алгандарга медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.
Жер көчкү кыштактардын бириндеги 30дай үйдү басып калганы, анын кесепетинен каржылык чыгым 5 миллион юандан ашуун деп эсептелүүдө.