"Дера Саша Сауда" сектасынын лидери Рам Рахим Сингх эки кызды зордуктоого шектелип, 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
"Соттун өкүмү сектанын лидери кармалган түрмөнүн имаратында чыгарылган. Ал жакка сотту тик учак менен алып барышкан. Армия менен полиция түрмөнүн жанында тартипти камсыздашты", - деп айтылат маалыматта.
Соттук териштирүү иштери Индиянын Панчкула жана Сирса шаарларында жапырт баш аламандыкка алып келген. Сектанын жолун жолдогондор дүкөндөрдү талкалап, машина жана үйлөрдү өрттөп, полиция кызматкерлерине кол салышкан. Тартипке келтирүү үчүн бийлик армияны колдонууда. Учурда 38 адам каза болуп, 250гө жакын адам жабыр тартты.
"Дера Саша Сауда" сектасынын жолун жолдогондордун саны 60 миллиондон ашык.