Ош шаарындагы башы кесилген аялдын өлүмүнө шектелген адам кармалды. Бул маалыматты SUPER.KG'ге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
"Аялдын өлүмүнө шектелип 30-40 жаштардагы аял кармалды. Аны кечээ түнү аялдын жансыз денеси ташталган аймакка жакын жердеги үйлөрдүн биринен кармашкан. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - дешти Ош милициясынан.
Алдын ала маалыматка караганда, шектүү аял Алай районунун жашоочусу жана маркумдун келини болгон.
Эскерте кетсек, 27-августта Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районундагы Ош мамлекеттик социалдык университетинин жанындагы таштанды челектен башы кесилген аялдын денеси табылып, Ош ШИИБи шектүүлөрдү издеп жаткан болчу.