Тажикстандын Рошткала-Хорог унаа жолундагы кырсыктан кичи автобус дарыяга кулап, он жүргүнчүсү каза болду. Бул тууралуу тажикстандык маалымат каражаттары жазышты.
"Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу штабынан билдиришкендей, кырсык 28-августта эртең менен трассанын 20-чакырымында болгон. Кичи автобуста 13 киши, анын ичинде 4 кичинекей бала бараткан.
Болжолдуу маалыматка ылайык, айдоочу рулду башкара албай кичи автобус Шохдара дарыясына кулап түшкөн. Жыйынтыгында он жүргүнчү каза болуп, кичи автобустун айдоочусу менен дагы эки киши Хорог ооруканасына жеткирилген. Жол кырсыгынан кичи автобустагы төрт кичинекей баланын баары тең каза болгону кабарланууда", - деп айтылат маалыматта.