Бүгүн, 29-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Аида Салянованын соту уланды. Бирок соттук отурумга Салянова келген жок. Жактоочу айыпталуучунун кызы ооруп калганын айтып, сотту башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн келтирди. Сот ишти кароону саат 14:00гө жылдырды.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.