Жайыл районунда террористтерди жок кылуу боюнча атайын операция жүрдү. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 29-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен тастыкташты.
Маалыматка караганда, атайын операция 29-августка караган түнү болгон. Бирок УКМК толук маалымат беришкен жок. Айрым массалык маалымат каражаттары атайын операциянын жүрүшүндө эки террорист жок кылынганын жазып чыгышты.
Айта кетсек, кечээ, 28-августта Спорт Ордосунун жанында дагы атайын операция жүрүп, эки адам кармалган.