Бүгүн, 29-август күнү эртең менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон иш боюнча отурум уланмак. Бирок Салянованын кызы ооруп калгандыгына байланыштуу жактоочуларынын өтүнүчү менен сот Кубанычбек Касымбеков ишти кароону саат 14:00гө жылдырган. Белгиленген убакытка айыпталуучу келбей калгандыктан сот прокурордун өтүнүчү менен аны үйүнөн мажбурлап алып келүү чечимин чыгарды.
Салянованын жактоочуларынын бири Улан Жумаков анын кызынын ооруп жаткандыгы тууралуу медициналык тактаманы сотко алып келип берип жатканын SUPER.KG'ге кабарлады. "Отурум эртең да уланмак, Салянова келмек. Конвойлордун жардамы менен сотко мажбурлап алып келүү деген чечим бул аша чабуу", - деди Жумаков.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.