Кечээ, 29-августта эки кыздын көп кабаттуу үйдүн балконунан секирип кеткени тууралуу видео интернетке тарады. Видеодо бир кыздын жерде жатканын, экинчиси боюн таштап жибергенин көрүүгө болот. Бирок окуя качан жана кайсы өлкөдө болгону тууралуу так маалымат жок. Бирок айрым интернет колдонуучулар окуя Түркиянын Анкара шаарында болгонун, кыздар Кыргыз жараны экенин айтышууда.
Бул тууралуу Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчилигинин консулу Айжан Табалдиева менен байланышканыбызда, ал окуя Түркияда болбогонун билдирди. "Бул окуя Түркияда болгон эмес, бирок кайсы жерде болгону боюнча Кыргыз мамлекетинин чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрү териштирип жатышат", - деди консул Табалдиева.