Сүлүктү шаарында шахта алдында калып калган төрт адамдын үчөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 28-август күнү саат 19:10 чамасында орун алган. Анда жер кыртышы көчүп, 4 адам шахта алдында калып калган. Жергиликтүү айыл тургундары шахта алдында калгандарды куткарып калышкан. Алардын ичинен 3 адам ооруканага жеткирилген. Дагы бир адамга кырсык болгон жерден жардам көрсөтүлгөн.
Учурда аймактык ооруканада 3 адам дарыланып жатканын, анын ичинен 1 адамдын абалы оор экендигин Сүлүктү шаардык мэриянын аппарат башчысы Алмаз Каримов кабарлады.