Түп районунда эки унаа сүзүшүп, төрт адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 29-август күнү саат 09:30 чамасында Түп-Кеген унаа жолунун 23-чакырымында болгон. Анда Ауди А6 үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.
"Жол кырсыгынан улам эки унаанын айдоочулары жана эки жүргүнчү ар кандай жаракат алышып, "Тез жардам" кызматкерлери тарабынан Түп райондук ооруканасына жеткирилген", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.