Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон иш боюнча отурум өтүүдө.
Анын жүрүшүндө Салянованын адвокаттары сотту алмаштыруу өтүнүчүн келтиришти. Буга себеп катары Салянованын кичинекей кызынын ооруп калганына байланыштуу келбей калгандыгынан улам аны сотко мажбурлап алып келинсин деген чечими себеп болду. Буга прокурорлор каршы чыгып, ортодо кайым айтышуу орун алды. Прокурорлор Салянованын кызынын ооруганын далилдеген кагаздарды сотко алып келүүнү талап кылышты. Салянова мындай кагазды поликлиникадан кызы сакаймайынча бербей турганын айтты. Кийин сот кеңешме бөлмөсүнө кеткенде Салянова менен прокурорлордун ортосунда кайым айтышуу уланды.
Сот кеңешме бөлмөсүнөн жыйындар залга келип, соттук отурумду кийинкиге жылдыруу тууралуу жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырган жок.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.