Бүгүн, 30-августта Бишкектин Бөкөнбаев жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан 25-30 жаш чамасындагы аялдын жансыз денеси табылды. Учурда милиция кызматкерлери жеринде иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн аймакты курчоого алып турат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Майрам Аскарбекова кабарлады. Анын билдиришинче, Бишкектеги Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө таңкы саат 6:40та аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Учурда аймак курчоого алынып, милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Алдын ала кароодо белгилүү болгондой, маркумдун денесинде уруп-согуунун белгилери табылган жок. Учурда анын аты-жөнүн тактоо жана өлүмүнүн себептерин иликтөө иштери жүрүп жатат", - деди Аскарбекова.