Аида Салянова: "Эненин наристеси ооруп жатканына көңүл бурбаган сот эч бир мыйзамды карабайт"

Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон иш боюнча отурум өтүүдө.

Түшкү тыныгууга берилген убакта депутат журналисттерге бул иште саясий боёк бар экенин айтып, Өмүрбек Текебаевдин сотундай ылдам бүткөрүү аракети болуусу мүмкүндүгүн айтты.

"Менин ишим каралып жаткан соттук отурумдун тез өтүп жатканы сот саясий буйрукту аткарып жатканын далилдейт. Сотко чектелген мөөнөт коюп коюшкан, ал аны аткарууда. Эми менин ишим да Текебаевдин сотундай түнгө чейин созулса таң калуунун кереги жок. Бирок ошентсе да калыс карала турган маселелер бар да, кызым ооруп жатса үй-бүлөнүн башка мүчөсү жөнүндө болуп жатат деп сотко мажбурлап алып келүү чечимин чыгарды. "Наристеси ооруп жатыптыр, эне экен" деп көңүл бурбаган сот эч бир мыйзамды карабайт. Адамдык сапат дегенди унутуп, болгону саясий буйрукту аткаруунун аракетинде болуп жатат", - дейт Салянова.

Андан сырткары ал учурда кызынын абалы жакшы экендигин үйүндө дарыгердин көзөмөлүндө дарыланып жатканын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
aadanova14
2017-08-30 13:47:47
Ииий Салянова Кудай тегиз. Келдибековду какшаткан сен боло белен.
+5
barakcha
2017-08-30 15:12:48
aadanova14,табалабай тобоо кыл!Оз башына кыйынчылык тушуп калбасын?
-2
aadanova14
2017-08-30 15:28:08
barakcha,тобоо кылдым болгон нерсени айтып жатам. Убагында Салянова болуп эч нерсени коз илген эмес же калпбы?
+2
cico
2017-08-30 13:53:17
Сот кызынын ооруганын тастыктаган документ алып келсин деген. Алып келбесе сот мажбурлап алып келсин дейт та. Просто элдин көзүндө сотту жаман көргөзүп болуп жатат
+4
aziiiz
2017-08-30 14:45:46
Эжеге саясий буйрук менен жалаа жабылып жатканы корунуп турат айдан ачык эле.Сиз кучтуу аялсыз бул кундор да отуп кетет.Сабыр кылыныз жана аягына чейин чечкиндуу курошунуз.Ак ийилет бирок сынбайт...
0
BarsBaatyr
2017-08-30 15:00:54
Бироолорду какшатсан бир кун созсуз озуну бироо какшатат
+4
Tolkun555
2017-08-30 15:04:32
Улуу урматтуу Аида эже сиз дагы Келдибековду буту ооруп жатканда камап отурдуңуз.Батукаевди килем салып узаттыңыз.Ташиевди камап сындырдыңыз.ар кашыкка бир кезек деген накыл сөздү билесизби.
+4
moskoy
2017-08-31 00:33:47
Tolkun555,буту оорубай эле бийлик учун буту узулгончо чуркап журотко.
0
nazira...
2017-08-30 15:26:17
Ой биз балам ооруп атат деп королучу, эмне гана кылбайт экен. Аида, мына башына тушсо билбейсин эми билип калдынбы соттор кандай гана кылбайт экенин энелерди. Дагы бул чекеси, еще не вечер! Атка минерлердин ушинтип оз башынан отпосо энелердин укугун сот алдында кантип тураары билишпейт.
+5
aziiiz
2017-08-30 16:54:29
Табалаганды койгулачы качан болсо эле табалап басып журосунор
0
Kuba-savai87
2017-08-30 18:21:23
Аида аябай кыйын аял эч бир даже жылмайганын коргон жокмун
0
azamat1978
2017-08-31 07:12:32
Ташиевди ,Келдибековту камап булда убагында кыйын болду эле эми озуда ошолорго окшоп төргодө отурат таза ак чынчыл иштеген эч ким жокко.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан