Баткен облусунун аймагында "Көңүл бургула, балдар!" аталышындагы рейд жүрүүдө. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 21-августта башталган рейд 20-сентябрга чейин уланат. Иш-чаранын негизги максаты облус аймагында жол кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу.
"Жыл башынан бери облус аймагында жашы жете элек балдардын катышуусунда 38 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 8 бала каза болуп, 42 өспүрүм денесинен ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу аз. Баткен ОИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери ата-энелерге, айдоочуларга, өспүрүмдөргө жол белгилерине көңүл буруу, жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жаңы окуу жылынан тарта ар бир мектептин алдына бирден Патрулдук милиция кызматкери бөлүнүп, иш алып барат", - деп айтылат Баткен ОИИБинин маалыматында.