Ысык-Көл облусунда топоз уурдоого шектелген жаран кармалды

Ысык-Көл облусунда топоз уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тоң РИИБинин кызматкерлери тарабынан мал уурулукка шектүү катары 46 жаштагы Ж.Нурбай аттуу жаран кармалган.

"Ал 21-июнь күнү Кашка-Суу жайлоосуна барып, өзүнүн топоздору менен кошо башка адамдын 3 топозун кошо айылга айдап кеткен. Андан соң уурдалган топоздордун эң тамгаларын өзгөрткөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү эч жакка кетпөө тил катынын негизинде үй камагында калтырылды", - деп айтылат Ысык-Көл ОИИБинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан