Жазаларды аткаруу кызматынын Алай району боюнча башкармалыгынын кызматкери менен райондогу милиция бөлүмчөсүнүн башчысы 30 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 31-августта ИИМдин басма сөз катчысы Эрнист Осмонбаев кабарлады.
Анын айтымында, ИИМдин Ош шаарындагы Ички кызматтык иликтөө башкармалыгына Алай районундагы айылдардын биринин тургуну кайрылып, укук коргоо органдарынын кызматкерлери пара талап кылып жатканы боюнча арыз жазган. Арызда эки кызматкер жаза өтөө режиминде катачылыктар бар экенин айтып, аны оңдоп коюу үчүн 30 миң сом пара берүүнү талап кылганы айтылган.
"Бул иш боюнча кылмыш иши ачылып, ИИМдин Ош шаарындагы Ички кызматтык иликтөө башкармалыгына оперативдүү издөө иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма берилген. Анын негизинде 30-августта башкармалыктын кызматкерлери менен УКМКнын кызматкерлери биргеликте Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Алай району боюнча башкармалыгынын кызматкери Э.Н. жана Алай РИИБинин Сопу-Коргон аймагы боюнча милиция бөлүмчөсүнүн Ы.У. аттуу башчысы кармалды. Фактынын негизинде тинтүү жүргүзүлүп, далилдүү фактылар табылган. Иликтөө иштери башталды", - деди Осмонбаев.