Сүлүктү шаарында "56 жаштагы аялга сегиз жолу бычак сайып, акчасын алып кеткен" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 24-август түнү Сүлүктү шаарында болгон. Анда 56 жаштагы аялдын үйүнө белгисиз адам терезе аркылуу кирген.
"Ошол учурда ойгонуп кеткен аял кылмышкерге каршылык көрсөтүүгө аракет кылган. Бирок кылмышкер аялга 8 жолу бычак сайып, үйүндөгү 18 миң сомду алып качып кеткен. Ошол түнү жабырлануучу үйүндө жалгыз болгон. Денесинен алган жаракаттарынан улам ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1999-жылы туулган Т.А. кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат Баткен ОИИБинин маалыматында.