Чүй облусунун Аламүдүн районундагы токойдо өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өрт бүгүн түшкү саат 12:00 чамасында Фрунзе токой чарбасынын карамагындагы токойдон чыккан. Аны өчүрүүгө Бишкек шаарынын Свердлов райондук өрт өчүрүүчүлөрү жана кошумча күч жөнөтүлгөн. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген эмес. Азырынча өрттүн канча аймакты каптаганы тууралуу маалымат жок", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.